Ссылки доступа

Тажикстанда ооган чек арачылары үчүн убактылуу лагерь курулат


Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусунда ооган качкындары үчүн убактылуу лагерь курулат. Бул тууралуу аймак башчысы Курбон Хакимзода билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги курулуш иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууда.

Хатлон облусунун төрагасы коңшу өлкөнүн жашоочуларына убактылуу башкалка берүү – ар бир тажикстандыктын адамдык парзы деп эсептейт.

Качкындар үчүн убактылуу лагерь Жайхун районунда курулат.

Соңку күндөрү жүздөй ооганстандык, анын ичинде аскер кызматкерлери Хатлон облусуна качып келишкен.

"Биз аларды кабыл алып, эл аралык уюмдардын көмөгү менен чатыр жана ысык тамак менен камсыздадык. 94 киши чек арадан өтүп, Шамсиддин Шохин районуна келген", - деди Хакимзода.

Хатлон облусунун төрагасы качкындардын баары Кулябдагы аэропорттон мекенине жөнөтүлгөнүн айтат.

Соңку айларда "Талибан" кыймылынын жоочуларынын чабуулунан тажик чек арасына бир жарым миңдей аскер кызматкери менен жай тургундар качып кирген.

Бул жагдай АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып, "Талибан" кыймылы күчөгөн маалга туура келди. Өткөн жумада Катардын борбору Дохада өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG