Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги активисттерге каршы репрессияларды улантууда


Түркмөнстандагы репрессияларга каршы нааразылык акция. Нью Йорк шаары

"Түркмөн-Хельсинки фонду" жана "Мемориал" укук коргоо уюмдары түркмөн бийлиги өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттерге карата басымды күчөткөнүн билдиришүүдө.

Кеңселери Болгария менен Орусияда жайгашкан укук коргоо уюмдардын билдирүүсүндөн 16-июлда өз үйүнөн уурдалган мурдагы дарыгер Хурсанай Исматуллаева, камакка алынган Жума Жумакаев, бир туугандар Алты жана Мурад Душемовдор, ошондой эле басымга кабылып жаткан чет өлкөдө жүргөн түркмөнстандык активист Мердан Жороев жөнүндө жазылган.

16-июль күнү кечинде Түркмөнстандын Гёкдепе шаарындагы "Эне мяхри" деген перинаталдык борбордун мурдагы башчысы Хурсанай Исматуллаеваны белгисиз кишилер үйүнөн күчтөп алып кетишкени кабарланган. Ал 2017-жылы бейтаптардан пара алуудан жана аларды керексиз текшерүүлөр менен операцияларга жөнөтүп туруудан баш тартканы үчүн кызматтан алынган. Ал андан бери иштен мыйзамсыз алынганын далилдөөгө аракет кылып келген.

Исматуллаева иши Европа парламентинин депутаттары уюштурган онлайн-жолугушууда талкуулангандан кийин уурдалган.

Ошол эле күнү Ашхабадда 32 жаштагы Алты Душемов да камакка алынганы кабарланган.

15-июлда Алтынын агасы Мурат Душемовго Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнөн коронавируска каршы эмдөө тууралуу буйрукту талап кылып жатканы тартылган видеону жарыялаганы үчүн айып пул салынган. Ага чейин 7-июлда ал досу Жума Жумакаев жана анын жубайы Лейли Нурметова менен чогуу камакка алынган. Маалыматка караганда, алардан Дашөгүз шаарына кирүү үчүн коронавирус жок экенин ырастаган маалымат талап кылышкан. Алар мындай талап жазылган расмий документти көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Бирок полиция кызматкерлери эч кандай документ көрсөтпөй, ысыкта төрт саат өткөрбөй тургандан кийин алар нааразылык катары автоунаасын жолдун ортосуна токтотуп алышкан. Бул аракети үчүн Мурат Душемов менен Жума Жумакаев “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 суткага камакка алынган. Жумакаевдин жубайына 100 манат өлчөмүндө айып пул салынган.

Ал ортодо Түркияда жашаган түркмөнстандын активисттер да аларга басым күчөгөнүн билдиришүүдө.

Стамбулда иштеп жүргөн 36 жаштагы Мердан Жораев бир нече ай мурда “Тик-Ток” түйүнүндөгү баракчы аркылуу түркмөн бийлигин сындай баштаган. Көп өтпөй анын Түркмөнабад шаарында жашаган карындашы Азиза маектешүүгө чакырылган. Ага Мердан Жораевдин интернеттеги видеолорун көрсөтүп, агасын мындай аракеттерди токтотууга көндүрүүнү талап кылышкан. 4-майда ал кайра басым кабылган: бийлик өкүлдөрү “анын үй-бүлөсү мекендин чыккынчылары деп жарыяланып, балдары мектеп жана бала бакчадан чыгарыларын” айтып коркутушкан.

Түркмөн бийлиги өз укуктарынын сакталышын талап кылган активисттер менен алардын жакындарына басым болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр боюнча эч кандай комментарий бербей келет.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG