Ссылки доступа

Казакстанда Pegasus программасы аркылуу тыңшоо фактысын тыкыр иликтөөгө чакырышууда


“Адил сөз” укук коргоо фонду жана Казакстан журналисттер биримдиги Pegasus кибертыңчылык программасынын жардамы менен казактандыктардын телефондору тыңшалып турганы жөнүндө маалыматтарды тыкыр иликтөөгө чакырды.

Аталган уюмдар тизмедеги бардык казакстандыктардын аты-жөнүн жарыялоону да талап кылууда. Активисттер тыңчылык программасынын бутасына алынган жарандар конституциялык укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек деп эсептешет.

“Адил сөз” сөз эркиндигин коргоо фонду жана Казакстандын Журналисттер биримдиги медиасфера өкүлдөрүнүн телефондорунун тыңшалышына, алардын ишмердүүлүгү менен жеке жашоолорунун аңдууга алынышына жол берилбеши керек деп эсептейт. Бул Казакстан Конституциясынын 18-беренеси менен Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 17-беренесин түзмө-түз бузуу гана эмес, сөз эркиндигин чектөө жана көзөмөлдөө аракети болуп эсептелет”, — деп айтылат уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө.

Бир нече күн мурун Уюшкан кылмыштуулуккка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасы менен Казакстанда уюлдук телефондору бузулуп, мыйзамсыз тыңшоого дуушар болгондордун тизмесин чыгарган.

Анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.

OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону Казакстан өзү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Башында бул тизмеде Казакстанда беш ысым болгон. Анын экөө журналист жана үчөө коомдук ишмер. Мындан тышкары тыңшалгандардын арасында чет элдик эки кишинин телефон номери чыккан.

OCCRP Казакстан боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун телефон номурлары каттоого алынганын таап чыкканын жарыялады.

Pegasus программасы телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

Иликтөө 2016-жылдан бери аңдуу жүргүзүлгөн дүйнөдөгү 50 миңден ашуун телефон номердин тизмесинин негизинде жүргүзүлдү. Тизме Forbidden Stories жана Amnesty International уюмдары аркылуу алынган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG