Ссылки доступа

Литва мыйзамсыз келген мигранттарды жарым жылга чейин кармайт


Литванын президенти Гитанас Науседа мыйзамсыз мигранттар кризисинен улам демилгеленген чет өлкөлүктөр жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Ага ылайык, башкалка суроо жөнүндө арызды кароо мөөнөтү он күнгө чейин кыскартылды жана башкалка боюнча биринчи инстанция чыгарган чечимди апелляциялык тартипте кайра даттанууга тыюу салынды.

Мындан тышкары Литвада аскердик абал же өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда Литвага мыйзамсыз түрдө келген чет өлкөлүктөр алты айга чейин камалышы мүмкүн.

Науседа документте адам укуктары анча сакталбаганын мойнуна алды. Ошол эле маалда ал литва-беларус чек арасында мигранттарга байланыштуу өзгөчө абал жаралган маалда жок дегенде ушундай мыйзамдын болушу артыкчылыктуу экенин билдирди.

Жайында Литва бийлиги беларус аймагы аркылуу ЕБга качкан мигранттардын саны кескин көбөйгөнүн билдирген. Мигранттардын көбү Минскке Түркия жана Ирактан келишкен. Евробиримдиктин чек араны коргоо боюнча агенттиги өз миссиясын литва-беларус чек арасына жайгаштырган.

Евробиримдик мыйзамсыз мигранттарды чек арадан өткөрүүнү уюштургандар беларус бийлигинин колдоосуна ээ деп эсептейт. Литва өкмөтүнүн пикиринде, Минск качкындарды Алекстандр Лукашенконун режимине каршы киргизилген санкция үчүн ЕБга саясий басым жасоо максатында колдонууда.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG