Медиктердин айтымында, бул вакцина боюнча толук маалымат жок болгондуктан, ушак-айың көбөйүп, көптөгөн жарандар эмдөөдөн өтүүдөн кооптонушууда.
Бийлик “жалган маалыматтарга” ишенбөөгө чакырып, өзбек-кытай вакцинасынын эффективдүүлүгүн сыноо учурунда тастыкталганын билдирүүдө.
Ушул тапта Өзбекстанда 5 миллион доза вакцина колдонулду, анын 4 миллион дозадан ашыгы өзбек-кытай вакцинасына туура келет.
Коронавируска каршы өзбек-кытай вакцинасын Кытай Илимдер академиясынын Микробиология институтунун окумуштуулары иштеп чыгып, Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical Co.Ltd компаниясы өндүргөн.
Коронавируска каршы рекомбинанттык вакцинаны клиникалык жактан сыноо өзбек окумуштууларынын жардамы менен ишке ашкан. Кытай Өзбекстанды бул вакцинанын авторлошу катары атап, препаратка ZF-UZ-VAC2001 деген ат ыйгарган.