Ссылки доступа

Тажикстанда куралдуу күчтөрдүн согуштук даярдыгын текшерүү башталды


Тажикстан армиясы

22-июлда Тажикстандын бардык аймагында өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн согуштук даярдыгын текшерүү башталды.

Бийлик Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын «Марз-2021» аталышындагы (Чек ара-2021) мобилизациялык резердеги жеке курамдын согуштук даярдыгын текшерүү – суверендүү Тажикстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатканын билдирди. Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Эмомали Рахмон эртең менен Улуттук граврдияга барып, аскердик парадга катышты.

Тажикстандын мамлекеттик ЖМКлары машыгууга 100 миңдей аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана 130 миңдей запастагы офицер менен жоокерлер катышканын жазышты. Мындан тышкары 20 миңдей запастагы жоокер жана офицерлер тажик-ооган чек арасына жөнөтүлдү.

Тажикстан куралдуу күчтөрүн текшерүү Ооганстанда кырдаал курчуп, талибдер тажик-ооган чек арасын бойлой бир нече аймактарды басып алган маалга туш келди.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG