Ссылки доступа

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинин режиссеру Холокост жөнүндөгү тамашасы үчүн отставкага кетти


Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинин режиссеру, комик Кэнтаро Кобаяси соцтармактарда Холокост темасы жөнүндө 1998-жылдагы тамашасы жарыялангандан кийин кызматтан кетти.

Бул тууралуу Токиодогу Олимпиада комитетинин уюштуруу комитети билдирди.

"Мурда Кобаяси тарыхтын трагедиялуу эпизоддордун шылдыңга алганы аныкталды”, - деп билдирди уюштуруу комитетинин башчысы Сэйко Хасимото. Режиссер өзү отуз жыл мурдагы сөзү үчүн кечирим сурады. Кобаяси тамашасы орунсуз болгонун айтып, бул үчүн өкүнүп жатканын билдирди.

Жакында соцтармактарда жарыяланган видеодо Кобаяси комедиялык дуэттин курамында “Холокост ойноону сунуштап”, геноциддин курмандыктарын элестеткен кагаздан жасалган кишилерди ыргытканын көрүүгө болот.

Бир нече күн мурун Олимпиадалык оюндардын ачылыш аземинин композитору, 52 жаштагы жапон музыканты Кэйго Оямада отставкага кеткен. Буга анын 1994-жылы мектепте классташтары менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды шылдыңдаганын мойнуна алганы себеп болгон.

Февралда сексисттик билдирүүсү үчүн уюштуруу комитетинин башчысы, Жапониянын мурдагы премьер-министри Ёсиро Мори кызматтан кеткен. Ал спорттук комитеттерде жана федерацияларда аялдардын санынын көбөйгөнү жыйындардын узакка созулуп кетишине жол ачканын айткан.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG