Ссылки доступа

Беларус Юстиция министрлиги журналисттер ассоциациясын жабууну талап кылууда


Беларус журналисттер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Борис Гарецкий

Беларус Юстиция министрлиги ЖМК жана жарандык коомго репрессиялык мамиле күчөгөн маалда журналисттер биримдигин жабууга аракет жасоодо.

21-июлда Юстиция министрлиги Жогорку сотко кайрылып, “мыйзамды бир нече жолу бузганы үчүн” Беларус журналисттер ассоциациясын жоюуну сурады. Андан бир күн мурун бийлик ассоциациянын бардык банктык эсептерин тоңдуруп таштаган.

Юстиция министрлиги Беларус журналисттер ассоциациясы бир катар документтерди, анын ичинде кеңселерди ижарага берүү тууралуу келишимдерди көрсөтүү талабын орундатпаганын билдирүүдө. Уюм болсо, документтерди даярдоого бир нече күн гана берилгенин, ассоциация отчет даярдоого үлгүрбөй калганын, буга байланыштуу тинтүүдөн кийин кеңселерине мөөр басылып жабылганын кабарлады.

Беларус журналисттер ассоциациясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын жана журналисттердин укугун коргоп келген. Анын маалыматы боюнча учурда Беларуста 25 журналист бийликти сындап жазганы үчүн кармалып, ар кандай кылмыш иштери боюнча түрмөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG