Кармалгандарга карата "Атайылап адам өлтүрүү" жана "Денесине оор залал келтирүү менен адамды тоноо" беренелери боюнча айып тагылды.
Мекеменин маалыматына караганда, 20-июль күнү болжол менен түнкү саат үчкө жакын шектүүлөр такси чакырып, шаардан алысыраак жайгашкан суу сактагычка жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Талаага чыккандан кийин алар айдоочуга кол салып, аны өлтүрүшкөн. Андан соң анын автоунаасын, 50 миң сумун жана телефонун уурдап кетишкен.