Ссылки доступа

Бишкекте этникалык кыргыздар маданий борбор ачты (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бишкекте этникалык кыргыздар маданий борбор ачты. Бишкекте этникалык кыргыздардын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн даңазалаган "Этностан" маданий борбору жана чет тилдерин окутуучу "Билгистан" билим борбору ачылды. Аны Кыргызстанда билим алып жүргөн этникалык кыргыздар негиздеген. (видео)

- Таласта сел көпүрөнү бузуп, эс алуу жайын каптады. 21-июль күнү Талас - Чаткал каттамынын 15-чакырымында катуу жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, көпүрөнү бузуп кеткен. Андан тышкары бир үйдү жана эс алуучу жайды суу каптаган. Отуздан ашуун унаадагы жүргүнчүлөр ара жолдо калган. (видео)

- Төрт жылдан бери бүтпөгөн Бишкек-Кара Балта жолу. Төрт жылдан бери салынып жаткан Бишкек - Кара-Балта жолу бүтө элек. Жол салуунун кечеңдеп жатышы айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратып келет. Эл жыш жашаган калктуу пунктарды аралап өткөн бул жол Кыргызстанда салынып жаткан кымбат жолдордун бири экени белгилүү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Кара-Балта жолу 2022-жылы күзүндө толук бүтөрүн билдирди. (видео)

- «Канбийке Ольга». Казакстандык спортчу Рыпакова соцтармактарда феноменге айланды. (видео РК)

- Ысык жаңы реалдуулук: глобалдык жылуулук келип калдыбы?(видео Директ)

- Кыргызстанда эмне себептен эмдөөгө каршы «антиваксерлер» көп? (Настоящее Время)

- Ооганстан бийлиги талибдерди талап-тоноочулукка жана жапырт киши өлтүрүүгө айыптоодо. (Настоящее Время)

- Алматыда жүздөгөн үй-бүлө таза сууга жетпей жашап жатат. (видео)

- Кытай консулугунун алдындагы пикеттер: Нааразылыктын 166-күнү. (видео)

- Лос-Анжелес бийлиги үйсүздөргө 6 чарчы метрлик жай курду. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG