Ссылки доступа

Евробиримдик өспүрүмдөрдү Moderna менен эмдөөгө уруксат берди


Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги коронавируска каршы Moderna препараты менен 12-17 жаштагыларды эмдөөгө уруксат берди. Өспүрүмдөргө деле чоң кишилер сыяктуу төрт жума аралык менен эки доза сайылат.

Май айында Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги өспүрүмдөргө Pfizer/BioNTech вакцинасын саюуну жактырган. Расмий статистикага ылайык, Европа Биримдигинде калктын жарымынан көбү коронавируска каршы вакцина алды.

2-июнда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Sinovac компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Буга чейин ДССУ Pfizer/BioNTech, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZenecа жана Sinopharm вакцинасын каттаган.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 450 миңден ашык киши өттү. Алар "Спутник V" жана Sinopharm вакциналарын алышты.

XS
SM
MD
LG