Ссылки доступа

Францияда нааразылыктардан кийин COVID-19га каршы күрөшүү чаралары тууралуу мыйзам долбоору жумшартылды


Жекшемби күнү Франциянын Сенаты "Коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүүнүн жаңы чаралары тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Акыркы күндөрү бул документке каршы өлкөдө жапырт нааразылык акциялар өткөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, медиктер COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек. Мындан тышкары музей, кинотеатр, кафе-ресторан, бар жана башка коомдук жайларга кирүү үчүн жарандардан атайын уруксат кагаз талап кылынат. Мындай документ эмдөөдөн толук өткөн, коронавирус жукпаганы тууралуу ПЧР тести же коронавирустан айыкканын далилдеген аныктамасы бар адамдарга гана берилет.

Сенатта көпчүлүктү түзгөн оппозиция өкүлдөрү мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, эрежелер жумшартылды. Ага ылайык, жарандардан атайын уруксат кагазын талап кылуу тартиби августтун аягынан 15-сентябрга жылдырылып, таза абадагы ресторандар менен супермаркеттерге кирүүдө мындай документ талап кылынбай турган болду.

Эми президент Эммануэль Макрондун тарапташтары көзөмөлдөгөн парламенттин төмөнкү палатасы бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгышы керек. Алар сенаторлордун пикири менен макул болбой, документти алар сунуштаган өзгөртүүлөрсүз эле кабыл ала алышат.

Сурамжылоолор боюнча бийликтин мындай сунушун өлкө жарандарынын көбү колдойт. Бирок ишемби күнү Парижде жана башка бир катар ири шаарларда бул мыйзам долбооруна каршы жапырт нааразылык акциялар өтүп, расмий маалыматтар боюнча аларга 160 миңден ашык киши катышкан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG