Ссылки доступа

АКШ Тажикстанга Moderna вакцинасынын 1,5 миллион дозасын берди


АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасынын алкагында Тажикстанга Moderna вакцинасынын 1,5 миллион дозасын берди. Кошмо Штаттардын гуманитардык жардамы Душанбеге 26-июль күнү эртең менен келди.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Навруз Жафаров бул вакцина 750 миң адамды же өлкө калкынын 13% эмдөөдөн өткөрүүгө жете турганын билдирди.

Анын айтымында, августта Тажикстанга Швециядан AstraZeneca вакцинасынын дагы 128 миң дозасы келет деп күтүлүүдө. Жафаров мекеме калктын 62% эмдөөдөн өткөрүүгө ниеттенип жатканын, учурда өлкөнүн 460 миңден ашык жараны эмделгенин кошумчалады.

Тажикстан буга чейин COVAX программасынын алкагында Индиядан AstraZeneca вакцинасынын 192 миң дозасын, Азербайжандан 40 миң дозасын алган. Июндун аягында Кытай Душанбеге CoronaVac вакцинасынын 300 миң дозасын берген.

Тажикстандын өкмөтү ушул айдын башында өлкөнүн 18 жаштан жогорку бардык жарандарын милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган.

Moderna вакцинасы Тажикстанда коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жаткан маалда жеткирилди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери өлкөдө вирус 14 592 кишиге жугуп, 117 бейтап каза болду.

Адистердин көпчүлүгү Тажикстанда коронавирус жуктургандар жана андан көз жумгандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин айтып келишет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG