Ссылки доступа

Казакстандын ири мунайгаз кениндеги жумушчулар иш таштады


Казакстандын Атырау облусунда жайгашкан Тенгиз мунай-газ кениндеги ESS компаниясынын жумушчулары маяналарды жогорулатуу талабы менен иш ташташты. Бул тууралуу аймактык "Ак Жайык" басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, ESS кенди иштетип жаткан "Тенгизшевройл" компаниясы жалдаган ишкана болуп эсептелет.

"Тенгизшевройлдун" өкүлдөрү алар жумушчулардын иш таштаганы тууралуу кабардар экенин билдирип, суроолорду ESS компаниясына жолдоону сунуштаган.

ESS Support Services компаниясынын башкы директору Майк Тейлор аларга айлыктарды жогорулатуу боюнча 213 жумушчу кайрылганын, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Тенгиз мунайгаз кени Казакстандагы эң ири кендердин бири болуп эсептелет. Андагы мунайдын запасы 3,2 миллиард тонна деп бааланган.

Ушул айда Мангистау облусундагы ондогон компаниянын жумушчулары маяналарды жогорулатууну талап кылып, иш таштаган. Алардын айрымдары талаптары толук же жарым-жартылай аткарылгандан кийин ишке чыкса, калгандарынын иш таштоосу уланууда.

XS
SM
MD
LG