Ссылки доступа

Казакстанда Арыстагы жарылуу боюнча аскер адамдары соттолду


Арыстагы аскер кампасында болгон жарылуу боюнча сот отуруму. Чымкент шаары, 26-июль 2021-жыл
Арыстагы аскер кампасында болгон жарылуу боюнча сот отуруму. Чымкент шаары, 26-июль 2021-жыл

Чымкент соту Түркстан облусунун Арыс шаарындагы аскер кампасында ок-дарылар жарылган окуяга байланыштуу 16 аскер адамына карата өкүм чыгарды. Алардын 12си 4 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылса, төртөө 4 жылдан 7 жылга чейин шарттуу кесилди.

Бул иш боюнча сот жараяны былтыр 11-майда башталган. Сот жообуна Арыстагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен Коргоо министрлигинин аскер адамдары да тартылды. Аларга кызматтык шалаакылык, курал-жарак, ок-дарыларды сактоо эрежесин бузуу жана кызматтык милдеттерин аткаруудагы көзөмөлдүн жоктугу боюнча бир топ айыптар коюлган.

Сот жаза мөөнөтүн чегерүүдөн сырткары аскер бөлүгүнүн мурдагы командирине жана эксплуатациялык кызматтын мурдагы жетекчилигине аскердик же башка мамлекеттик кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салды.

Айыпкерлердин адвокаттары тергөө иштеринин жүрүшүндө жардыруунун себептери аныкталбай, кимдин эмнеге күнөөлүү экени так далилденбегенин белгилешти.

Ошондой эле, алар соттон тергөө маалында келтирилген мыйзам бузууларга көңүл бурууну суранышты. Соттолуучулардын арасынан бирөө гана күнөөсүн моюнга алып, калгандары соңку сөздө өз оюн айтуудан баш тартышты.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG