Ссылки доступа

Өзбекстан ооганстандык качкындар үчүн лагерь курулуп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү


Өзбекстандын Чек ара кызматы Ооганстан менен чек арада качкындар үчүн чатыр лагерь курулуп жатканы жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү.

Июлдун башында Eurasianet басылмасы Сурхандарыя облусунун Термез шаарынын четинде Ооганстандан келген качкындар үчүн лагерь курулганын кабарлаган.

Өзбекстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматта 2021-жылы ооганстандык бир дагы качкын Өзбекстандын чек арасын кесип өтпөгөнү айтылат.

«Мамлекеттик чек араны бузган кишилер мамлекеттик чек араны бузуучулар катары кармалган. Аларга Өзбекстан мыйзамдарынын негизинде чара көрүлгөн», – деп айтылат катта.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 23,26 жана 27-июнда Балх провинциясынан Өзбекстанга 53, 3 жана 44 ооган аскери качып киргенин маалымдаган.

Чек ара кызматы 23-30-июнь аралыгында Ооганстандан жалпысынан дээрик 150дөй аскер кызматкери менен куралдуу топтун мүчөсү качып киргенин, тергөө иштеринен кийин алар мекенине кайтарылганын белгиледи.

Ооганстандык аскерлер менен элдик кошуундун мүчөлөрү Өбекстанга Амударыядан кайык менен өтүшкөн.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG