Ссылки доступа

Камактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады


Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап ачкачылык жарыялаганын оппозициячыл саясатчынын жардамчысы, "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, 26-июль күнү Молдокматовго Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарлама берилген. Ал өзүнө дагы бир кылмыш иши козголгонуна макул эместигин билдирип, ачкачылык жарыялаган. Бекчоро уулу 26-июлда Молдокматов менен сүйлөшкөнүн, ал сурак протоколуна жана шектүү жөнүндө кабарламага кол койбогонун кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган" деген кине койгон. 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG