Ссылки доступа

Ташкентте мурдагы ырчы Жахонгир Атажановдун соту башталды


Жахонгир Атажанов.

26-июлда Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда мурдагы ырчы жана саясий активист Жахонгир Атажановдун соту башталды.

Доогердин – Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын арызында Атажанов “ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ар-намысын атайын кордогону” айтылган.

Атажановго Административдик жоопкерчилик кодексинин “Акарат келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Атажанов “жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын” билдирди.

Былтыр музыкалык карьерасын токтотуп, кийинчерээк оппозициялык “Эрк” партиясына кошулган Жахонгир Атажанов июлдун башында “Инстаграмдагы” баракчасына жарыялаган видеосу үчүн соттолууда. Видеожазууда ал автоунаасын айып токтотмо жайынан ала албай жатканын, бул иш саясатташтырылганын билдирип, укук коргоо кызматкерлерин “мамлекеттин жана элдин чыккынчылары”, ошондой эле “салпаяктар” деп атаган.

Эгер Жахонгир Атажановдун күнөөсү аныкталса, кырк эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пулга жыгылат.

13-июлда "Эрк" партиясынын атынан президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтүлгөн ырчы Жахонгир Атажанов убактылуу саясаттан кетүү жана ырчылык карьерасын кайра калыбына келтирүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Видео

Видео

Кайык менен каттаган айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:35:18 0:00
XS
SM
MD
LG