Ссылки доступа

Иранда нааразылык акциялары уланууда


Тегеранда суунун тартыштыгы жана эконмикалык абалдын начардыгына байланыштуу нааразылык акциялары башталды. Борбор калаада демонстранттар Иран бийлигине каршы чыгып, “Диктаторго өлүм” деп кыйкырышууда.

“Азаттыктын” иран кызматы соцтармактарда жарыяланган видеолорго таянуу менен нааразылыктар 26-июлда Тегерандын борборундагы Жомхури Ислами саябанында болгонун жазды.

Демонстранттар Хузестан менен Ирандын башка шаарларында 15-июлдан бери суу тартыштыгына каршы нааразылыкка чыккандарды колдошту.

Тегеранда тартылган видеолордун биринде нааразылыкка чыккандар мамлекетти башкарып отурган консервативдик исламчыл саясатчыларды сындап, “замбиректер, танктар, фейерверктер, молдолор кетиши керек” деп кыйкырып турушту. Дагы бир видеодо жаштар “Хаменеиге уят!”, “Кетсин!” деп ураан чакырышты.

Иранда жарым кылымдан бери болбогон кургакчылык маселеси суу ресурстарын башкаруу саясатынын начардыгынан ого бетер курчуп кетти. Буга чейин суу электр станциялары иштен чыгып, Ирандын бир катар аймактары жарыксыз калган.

15-июлдан бери кеминде беш демонстрант полициянын колунан каза болду.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG