Ссылки доступа

Өзбекстанда кытайлык WeChat мессенжеринин иши чектелди


Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөө инспекциясы WeChat мессенжеринин ишин чектеди.

Буга чейин инспекция Twitter, TikTok жана “ВКонтакте” соцтармактарына чектөө киргизген. Өлкөдө Skype мессенжери да иштебейт.

Анда аталган платформалар жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги белгиленген. Тиешелүү социалдык тармактар аныкталган кемчиликтерин жойгонго чейин чектөө алынбай турганы айтылган. Бирок мыйзам бузгандардын тизмесине WeChat киргизилгени кабарланган эмес.

Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Tik Tok колдонуучуларын мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Амир Темирдин (Тамерлан) жана акын Алишер Навоинин тарыхый эстеликтерин мазактады деп сынга алган.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG