Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө нааразылыкка чыккан компания жумушчулары талап аткарылбаса, жарык өчүрүлөрүн эскертишти


Мангистау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында "Өзенэнергосервис" ишканасынын жумушчулары маянаны эки эсеге жогорулатууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшүүдө.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, жумушчулар талап орундалбаса, шаарда жарык өчүрүлөрүн эскертишти. Бирок оорукана, төрөткана сыяктуу социалдык жактан маанилүү объектилерге “тийбей” турганын айтышты. Алар бул аргасыздан колдонулуп жаткан чара экенин белгилешти.

Ишканада нааразылык акциясы 25-июлда эле башталган. Бирок жумуш токтогон жок.

Июль айынын башынан бери Жаңы-Өзөндө бир нече компаниялардын кызматкерлери иш ташташкан. Алар айлык акыны көбөйтүүнү, эмгек шартын жакшыртууну талап кылышкан.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG