Ссылки доступа

"Тажик Эйр" литвалык компанияга» $20 млн төлөөгө ниеттенбейт


“Тажик Эйр” авиакомпаниясынын жетекчилиги Литванын Skyroad Leasing компаниясына 20 млн доллар төлөгүсү келбейт.

"Тажик Эйр" менен Skyroad Leasing компанияларынын учактарды пайдалануу боюнча доосу сегиз жылдан бери уланып келет. Иш материалдарына караганда, "Тажик Эйр” компаниясы эки Boeing учагы үчүн ай сайын 149 миң доллар ижара акы жана 20 млн доллар айып пул төлөгөн эмес.

2018-жылы Вильнюстун арбитраждык соту Skyroad Leasing компаниясынын пайдасына чечим чыгарган. Жакында Тажикстандын Жогорку экономикалык соту да литвалык компаниянын “Тажик Эйрге” болгон доосун канааттандырган.

"Тажик Эйрдин" юристи Даврон Гафуровдун айтымында, авиакомпания литвалык компания талап кылган кундун көп бөлүгүн төлөп берген.

“Биз лизингге эки учакты 9 млн долларга алганбыз. Келишимдин шарттарына ылайык, үстөк пайызы 2 миллион доллардан ашат. Бирок биз литвалык компанияга 15 миллион доллар төлөп бердик”, - деди юрист.

"Тажик Эйр" менен Skyroad Leasing арасындагы доо Душанбе, Вильнюс, Москва сотторунда каралып, АКШга чейин жеткен.

"Тажик Эйр" авиакомпаниясы бир нече жылдан бери каатчылыкты башынан кечирүүдө. Улуттук компаниянын салык жана башка төлөмдөр боюнча карызы 1 млн доллардан ашты. Буга кошумча Skyroad Leasing компаниясына 20 млн доллар төлөөгө тийиш. Компаниянын бир нече лайнери камакка алынган.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG