Ссылки доступа

Ереван Армения менен Азербайжан чек арасында ок атылганын кабарлады


Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан эки өлкөнүн чек арасындагы армян аскер позицияларына чабуул койгонун билдирди.

"Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, азербайжан аскерлери эки өлкөнүн чек арасынан өтүп, бирок атышуу башталганда кайра артка кайтууга мажбур болгон. Аймакта атышуу уланууда.

Азербайжан тараптын версиясы боюнча армян куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү түнкү саат экиде Келбажар районунда ок чыгарган. Баку чагым үчүн жооп кайтарыла турганын билдирген.

Армения өз тарабында үч киши өлүп, экөө жаракат алганын кабарлады. Азербайжан курмандыктар жөнүндө маалымат бере элек.

Былтыр күзүндө эки өлкө Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган.

XS
SM
MD
LG