Ссылки доступа

Тажикстанда 1700 соттолуучу Вахдаттагы жаңы түрмөгө которулду


Душанбедеги №1 түзөтүү мекемесинде кармалган 1700 соттолуучу Вахдат шаарындагы жаңы түрмөгө которулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна Тажикстандын Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкери билдирди.

"Соттолгондор Вахдаттагы жаңы түрмөгө 25-июлда которулган. Ал жерде шарт алда канча жакшы. Вахдаттагы түзөтүү мекемесинде бир камерада 10 киши болот. Борбор калаадагы түрмөдөгү барактардын ар биринде 80 киши болгон. Турмуш-тиричилик, анын ичинде тамак аш жасоо шарттары да жакшырды", - деди өз булак.

Жаңы түрмө Тажикстан баш калаасынан 15 чакырым аралыктагы Душанбе-Вахдат трассасында жайгашкан.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда 19 түзөтүү абагы бар. Эки жыл мурда Тажикстан Конституциясынын 25 жылдыгына карата мунапыс жарыяланганга чейин өлкө абактарында 13 миңге жакын киши кармалып турган. Анда мунапыс менен түрмөлөрдөн жети миң киши эркиндикке чыккан.

Акыркы жылдары Тажикстандагы абактарда камактагылар эки жолу козголоң чыгарышкан: биринчиси 2018-жылы ноябрда Хоженттеги түрмөдө болсо, экинчиси 2019-жылы майда Вахдат шаарындагы түзөтүү жайында катталган. Бул козголоңдор маалында 50 киши каза болгон. Бийлик бул окуялар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобуна жүктөгөн.

Эл аралык эксперттердин белгилешинче, козголоңдордун негизги себеби абактардагы оор шарттар жана камактагылардын укуктарынын системалык турдө бузулушу болгон.

XS
SM
MD
LG