Ссылки доступа

Өзбекстанда депутаттар кызматкерлерди милдеттүү эмдөөдөн өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруучу Олий Мажлис палатасы эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткандарды жумуштан кетирүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу 27-июлда вице-спикер Алишер Кадыров Telegram-каналына жазды.

"Эмгек кодексинин 113-беренеси менен "Жарандардын саламаттыгын сактоо" тууралуу мыйзамдын 28-беренесине киргизилген өзгөртүүлөрдү депутаттар жактырып, Сенатка жөнөтүлдү. Ага ылайык, эми эч кандай каршы көрсөтмөлөрү жок жарандар эмдөөдөн өтүүдөн баш тартса, алар жумуштан кетирилиши мүмкүн", - деп жазды Кадыров.

"Миллий тикланиш" партиясынын лидери эсептелген Алишер Кадыров буга чейин өкмөт эмдөөдөн өтпөгөн жарандардын эркиндигин чектеши керектигин билдирген.

Мыйзам чагыруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов 16-июлдагы пленардык жыйында калкты коронавируска каршы эмдөө маселеси талкууланганын, анда депутаттар бардык жарандар үчүн "милдеттүү эмдөөнү" киргизүү демилгесин колдобой коюшканын билдирген.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG