Ссылки доступа

Ысык-Көл: туристтер да эмделүүдө (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргызстанда күзүндө шайлоо өткөндөн кийин парламентке депутат айымдар келбей калышы мүмкүн. (видео Директ)

- Президенттин жашыруун резиденциясы жөнүндө айткан активист өзүнүн саясий пландарын жарыялады. (видео Директ)

- Кыргызстандагы вебкам-бизнеси: шантаж, зордук, суицид. "Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеди. Эскертүү: айрым сүрөттөлүштөр үрөй учурарлык болушу мүмкүн. (видео)

- "Тажик талибдери" Тажикстан менен чек арага жайгашты. (видео Директ)

- Тажикстанда алгачкы виртуалдуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. (видео)

- Чаңызгыган жайыттар. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен-байлыктарды казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга кыскарууда. Эгер мындан ондогон жыл мурда жайыттар өлкөнүн жалпы аймагынын 50 пайызын ээлеп турса, адистер бул сан эбак эле 45 пайызга түшүп калганын айтышат. Соңку беш жылда эле Кыргызстанда жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган. (видео)

- Токио-2020: сүрөттө калган ирмемдер. Жапониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимп оюндары кызуу жүрүүдө. 23-июлда башталган оюндарга дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Жалпысынан 339 медалдар топтому ойнотулат. Мелдештер 8-августта аяктайт. (сүрөт баян)

-Сабизден жасалган чоор. (видео)

- Мургаб жашоочулары туристтерди күтүшүүдө. (видео Директ)

-​ Ысык-Көлдө туристтер да эмделүүдө. (видео)

- Токио-2020: сүрөттө калган ирмемдер. (сүрөт баян)

- Ооганстанда эмне болууда? Жай тургундардын арасындагы курмандыктар, америкалык аскерлерге иштеген котормочунун өлүмү жана уланып жаткан бомбалоолор: АКШ мурдагы кызматкерлерин коргоо үчүн 100 миллион доллар бөлүүдө. (видео)

- Жаңы-Өзөндө 11 ишкананын жумушчулары иш таштады. (Настоящее время)

- Аткаминерлер төлөгөн миллиарддар. УКМК жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат өндүрдү. Муну мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталган ондогон аткаминерлер төлөп берди. Ошол эле мезгилде кармалгандар айыппул менен бошоп кетип жатканын сындагандар да арбын. (видео)

- АКШ Тажикстанга Moderna вакцинасынын 1,5 миллион дозасын берди. (сүрөт баян)

- Инфодемия деген эмне жана ал адамдарга кандай зыян алып келет? (Настоящее время)

- Бишкекте этникалык кыргыздар маданий борбор ачты. (видео)

- Таласта сел көпүрөнү бузуп, эс алуу жайын каптады. (видео)

- Төрт жылдан бери бүтпөгөн Бишкек-Кара Балта жолу. (видео)

- «Канбийке Ольга». Казакстандык спортчу Рыпакова соцтармактарда феноменге айланды. (видео)

- Ысык жаңы реалдуулук: глобалдык жылуулук келип калдыбы? (видео)

- Кыргызстанда эмне себептен эмдөөгө каршы «антиваксерлер» көп? (Настоящее Время)

- Ооганстан бийлиги талибдерди талап-тоноочулукка жана жапырт киши өлтүрүүгө айыптоодо. (Настоящее Время)

- Алматыда жүздөгөн үй-бүлө таза сууга жетпей жашап жатат. (видео)

- Кытай консулугунун алдындагы пикеттер: Нааразылыктын 166-күнү. (видео)

- Лос-Анжелес бийлиги үйсүздөргө 6 чарчы метрлик жай курду. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG