Ссылки доступа

Тажикстанда милициянын мурдагы офицери экстремизмге шектелип кармалды


Тажикстанда Мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы кызматкери Мухриддин Эмомов "экстремизм" шеги менен кармалды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, Эмомов 7-июлда Вахш районунда кармалган.

"Ал үй-бүлөсүн багуу үчүн Вахшта ашкана иштетип жүргөн. Күч органдары алгач аны ашкананы тартып алган деген шек менен кармап, кийин интернет аркылуу экстремисттик материалдарды башка адамдарга жөнөтүп турган деген айып тагышты", — деди Эмомовдун апасы Майдаби Худоёрова.

Анын айтымында, уулуна каршы "ЖМКны же интернетти колдонуу менен экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Хатлон облусундагы Улуттук коопсуздук башкармалыгы Эмомовдун кармалышы тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Учурда ал Душанбе шаарындагы тергөө абагында камакта отурат.

Мухриддин Эмомов 2015-жылдан бери Түркияда жашап жүргөн. Ага экстремисттик топторго мүчө болуу айыбы менен издөө жарыяланган. 2019-жылы мунапыстын негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, 2020-жылы мекенине кайтып келген. Бул аралыкта Тажикстанда жашаган анын жубайы менен балдарына өлкөдөн чыгууга уруксат берилген эмес.

Түркияга кеткенге чейин Эмомов Мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгында жана Душанбе шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG