Ссылки доступа

Казакстанда вакцина алгандан кийин талмасы кармагандай түр көрсөтүп жыгылган адамга айып пул салынды (видео)


Казакстанда коронавируска каршы вакцина алгандан кийин талмасы кармагандай түр көрсөтүп жыгылган Өзбекстандын жаранына 25 доллар өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу "Ак Жайык" гезити жазды.

Маалыматка караганда, базарда товар жүктөгүч болуп иштеген өзбек жараны "Майда бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

14-июлда социалдык түйүндөргө видео жарыяланган. Анда топтолгон адамдар жерде жаткан кишини эсине келтирүүгө аракет кылып, медиктер ага ийне саюуга даярданып жатканы тартылган. Кадр сыртындагы адам ал киши бир аз мурда коронавируска каршы вакцина алганын айткан.

Атырау облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан жерде жаткан киши калп эле талмасы кармагандай түр көрсөтүп жыгылганын билдиришти.

Окуя өзбекстандык жаран базарда коронавируска каршы вакцина алгандан үч саат өткөндөн кийин болгон.

"Вакцина алгандан көп өтпөй ал киши иш берүүчүсү менен келип, агасынын аты-жөнү маалыматтар базасында жок экенин айтып кыйкыра баштады. Андан соң эмканага вакцина алуу үчүн эч ким келбегидей видео тарта тургандыктарын айтып, чыгып кетишкен. Иш күнү аяктап калганда ызы-чууну угуп сыртка чыксак жанагыл кишини тез жардам кызматы алып кетип баратыптыр. Мен таң калып койгом. Анткени вакцинанын экинчи компонентин алгандарда мындай болбошу керек", – деди Айгүл Усембаева аттуу дарыгер.

Бул окуядан кийин кызматкерлери базардагы көчмө эмканада иштеп жаткан №3 бейтапкананын жетекчилиги видеодогу өзбек жаранын сотко берген.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, дарыгерден кечирим сурады.

“Казинформ” агенттиги кабарлагандай, өзбекстандык жарандан тышкары бул окуяга активдүү катышкан анын иш берүүчүсүнө да 25 доллар өлчөмүндө айып пул салынды.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Казакстанда 5 230 750 кишиге вакцинанын биринчи компоненти сайылса, экинчи компонентин 3 436 617 адам алды.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG