Ссылки доступа

Орус жана тажик өкмөттөрү мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу тууралуу макулдашууга кол коёт


Эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу тууралуу Орусия жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга быйыл жыл аягына чейин кол коюлат. Бул тууралуу Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Ширин Амонзода билдирди.

Анын айтымында, бул макулдашуу Орусияда иштеп, пенсиялык фондго акча которуп жүргөн тажик жарандары ала турган пенсиянын көлөмүн жөнгө салат.

Азырынча макулдашуу тууралуу кеңири маалымат бериле элек. Бирок айрым булактардын айтымына караганда, документке ылайык, иштеп жүргөн өлкөсүндө пенсиялык фондго акча которгон мигранттар мекенине кайтып келгенден кийин да пенсия ала алышат.

Буга чейин тажик тарап Орусия менен Тажикстандын өкмөттөрү эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу келишими боюнча талаштуу маселелерди талкуулап, бир пикирге келгенин кабарлаган.

27-июлда Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Ички иштер жана Эмгек министрликтерине Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пенсиялык камсыздоо боюнча кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюуну тапшырган.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG