Ссылки доступа

"Талибан" Кытайдын расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кабарлады


"Талибан" кыймылы Абдул Гани Барадар баштаган тогуз адамдан турган делегация Бээжинде Кытайдын расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

"Жолугушууда саясат, экономика жана эки өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары Ооганстандагы соңку кырдаал жана тынчтык жараянынын шарттары тууралуу да сөз болду", - деп жазды 28-июлда "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммад Наим "Твиттер" баракчасына.

"Талибан" кыймылынын лидерлеринин Кытайга эки күндүк сапары талибдер Ооганстандын Кытай менен чектешкен аймагында ири масштабдагы чабуулдарды баштаган учурга туура келди. Жоочулар бардык өлкө боюнча чек ара өткөрмө бекеттерин ээлеп, бир канча районду басып алганы кабарланган.

Катардын борбору Дохадагы ооган өкмөтү менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелип, эч кандай жыйынтык берген жок.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талибдерге Бээжин Ооганстандын аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын айтканы белгиленди.

"Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммад Наимдин айтымында, талибдердин делегациясы Кытай тарапка Ооганстанды үчүнчү бир өлкөгө каршы база катары пайдаланбоого сөз берген.

"Ислам Эмирлиги Кытайды Ооганстандын аймагы башка бир өлкөлөрдүн коопсуздугуна каршы колдонулбай турганына ишендирди. Кытай болсо Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөгө сөз берип, анын ордуна көйгөйлөрдү чечип, тынчтык орнотууга жардам убада кылды", - деди Мухаммад Наим.

АКШнын президенти Жо Байден 23-июлда Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге Кошмо Штаттар ооган өкмөтүн колдоону улантарына убада берген.

АКШ Ооганстандан аскерлерин 31-августка чейин толук чыгара турганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG