Бул тууралуу Өзбекстандын АКШдагы элчилиги билдирди.
21 миллион долларлык бюджети бар программа 400дөн ашык бала бакчаны тамака-аш менен толук камсыздап, Каракалпакстан жана Сурхандарыя облусутарындагы 245 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин инфрастуруктурасын жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары программа 3төн 7 жашка чейинки балдардын бала бакчада сапаттуу тарбия алышына шарт түзөт.
«Боорукерлик корпусу» 10 жылдан ашык тыныгуудан кийин былтыр март айында Өзбекстандагы ишин кайра жандандырган.