Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Асет Абишев эртең абактан чыгат


Казакстандык укук коргоочулары саясий туткундардын тизмесине киргизген Асет Абишевдин тарапташтары 20-июль күнү эртең менен ал кармалып турган Алматы облусунун Заречный айылындагы абактын алдына чогулушту.

Алар активист абактан чыкканда аны тосуп алууну каалашкан. Бирок мекеменин ыкчам бөлүмүнүн башчысы Нурлан Бидайбеков Абишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу соттун чечими эртең күчүнө кирип, активист ошондо эркиндикке чыгарын билдирди.

Алматы шаарынан Заречный айылына келген Абишевдин тарапташтары бир нече убакыт абактын алдында туруп, андан соң тарап кетишти.

14-июлда Капшагай шаардык соту Абишевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу доо арызын канааттандырган. Сот эгер прокуратура чечим боюнча даттанбаса, ал 15 күндөн кийин күчүнө кире турганын билдирген.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы «Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу» жана “Каржы кылмышын уюштуруу”айыптары менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Быйыл мартта Кылмыш кодексине тергөө абагындагы бир күндү 1,5 күн деп эсептөө тууралуу өзгөртүү киргизилгенден кийин Абишевдин камактагы мөөнөтү 3 ай 19 күнгө кыскартылган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG