Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амондун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды


Иззат Амон
Иззат Амон

Тажикстанда алдамчылык айыбы менен кармалган укук коргоочу Иззат Амондун иши боюнча тергөө иштеринин мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди 27-июлда Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту кабыл алды.

Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы Амондун иши жыл аягына чейин сотко жөнөтүлөрүн билдирген.

ИИМдин тергөө башкармалыгындагы анономдүү булактын айтымында, тергөө мөөнөтү ишти иликтеп жаткан тергөөчү Сипехр Сафаровдун өтүнүчү менен узартылды. Ал жүйө катары "арыз жазган адамдар менен Иззат Амонду бетме-бет жолугуштуруу зарыл экенин" айткан.

Иззат Амон быйыл март айынан бери камакта отурат. Ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнүн мөөнөтү ушу менен үчүнчү жолу узартылууда.

Москвадагы тажиктер борборун жетектеген Иззат Амон быйыл 25-мартта Орусиядан Тажикстанга депортацияланган. Тажик бийлиги укук коргоочу эртеси Душанбеде кармалып, ага каршы "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Өлкө мыйзамдарында мындай кылмыш кылгандар үчүн айып пул төлөтүү же 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, Иззат Амонго каршы 12 киши арыз жазган. Алар 2014-жылдан 2020-жылга чейин "кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу", "убактылуу каттоо" жана "депортациялоо тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу" үчүн Амонго акча беришкенин, бирок эч кандай жардам алышпаганын билдиришкен.

Амондун тарапташтары ал Тажикстандын өкмөтүн сындап жүргөнү үчүн кармалганын, анын ишинде саясий мотив бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG