Ал абактан чыкпай жатып, ушуну менен үчүнчү жолу камалууда.
Жаңы жаза ал түрмөдөн бошоноруна бир күн калганда чыгарылган. Бул жолу аны 30-майда Оролдун борбордук аянтында митингге катышканы үчүн соттошкон.
- Сот Окасов өзүнүн жоруктарын мойнуна алыш керек дейт. Бошонуп чыгууга мүмкүндук бербей жатышат, - деди активисттин адвокаты Айсулу Биялиева.
Орынбай Окасов — көптөгөн нааразылык акцияларынын катышуучусу. Ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” менен “Көчө партиясы” кыймылдарынын экстремисттик уюм катары таанылышына каршы чыгып, бийликтен Европарламенттин чечимин орундатууну талап кылган активисттердин бири.