Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Асет Абишев эркиндикке чыкты


Казакстандык укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине кошкон жарандык активист Асет Абишев 30-июлда эркиндикке чыкты. Алматы облусунун Заречный айылындагы түзөтүү абагынын алдынан аны тарапташтары тосуп алышты.

«Камакта отурганда колдогондорго жана келип тосуп алганыңарга ыраазычылык билдирем. Бул өтө маанилүү. Мындай аракеттер мага дем берет», — деди Абишев.

Активисттин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу доо арызын Капшагай шаардык соту 14-июлда канааттандырган.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы «Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу» жана “Каржы кылмышын уюштуруу”айыптары менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Быйыл мартта Кылмыш кодексине тергөө абагындагы бир күндү 1,5 күн деп эсептөө тууралуу өзгөртүү киргизилгенден кийин Абишевдин камактагы мөөнөтү 3 ай 19 күнгө кыскартылган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG