Ооган-тажик чек арасындагы "Шерхан-Бандар" бажы жана соода өтмөгү 21-июлда талибдердин көзөмөлүнө өткөн.
"Эгер буга чейин күн сайын чек ара аркылуу 35-40 автоунаа өтүп турган болсо, азыр болгону 3-4 гана машина өтүп жатат. Алардын баары Ооганстандын түндүгүндө абал курчуй электе эле Тажикстанга багыт алган унаалар", — деди Каримзода.
Анын айтымында, өткөн айда Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 37 987 тонна болсо, январда бул көрсөткүч 86 492 тоннаны түзгөн.
Апта башында Ооганстандын бийлиги чек ара бекеттери "Талибандын" көзөмөлүнө өткөндөн кийин өлкө бюджетине 33 миллион доллар түшпөй калганын билдирген.
"Шерхан-Бандар" Ооганстан менен Тажикстандын ортосундагы маанилүү жүк өткөрүү жайы болуп эсептелет. Ал аркылуу Тажикстанга Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Пакистан менен Ирандан товар кирет.