Ссылки доступа

Орусия ИМ тобу Ооганстандагы позицияларын бекемдеп жатканына тынчсызданууда


НАТО аскерлери Ооганстандан чыгарыла баштагандан бери бул өлкөгө "Ислам мамлекети" (ИМ) тобунун жоочулары агыла баштады.

Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Душанбеде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Террорчулар Ооганстанга түрдүү өлкөлөрдөн, анын ичинде Сирия менен Ливиядан келип жатат. Кайсыл бир бөлүктөрүндө алар олуттуу уюшкандыкта ишке ашып жатканын көрүүдөбүз", — деди Шойгу.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынына журналисттер киргизилген жок. Расмий маалыматтарга караганда, анда коргоо министрлери АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан чыгарыла баштагандан тартып террордук топтор активдешкенине тынчсызданууларын билдиришкен.

Буга чейин орусиялык ЖМКлар Сергей Шойгу Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса, 201чи орус базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөрүн убадалаганын кабарлашкан.

"Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр. Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө жана аскердик союздаш болгондуктан, анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде Москва четте карап турбайт", — деген Шойгу.

Өткөн жумада Тажикстандагы орус аскерлерине айдын аягына чейин модернизцияланган 17 БМП-2М жеткирилери белгилүү болгон. Анда жаңы куралдар эски БМПларды алмаштыра турганы айтылган.

Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарынын үчтөн экисин өз көзөмөлүндө кармап турган "Талибан" кыймылы буга чейин коңшу өлкөлөргө кол салбоону убадалаган. Ошол эле маалда кыймыл ооган-тажик чек арасындагы тилкелердин бирин күзөтүүнү Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" тобуна өткөрүп берген. Аны Тажикстандан чыккан Мухаммад Шарипов (Махди Арсалан) жетектейт. Душанбе бул топтун көптөгөн мүчөлөрүнө эл аралык издөө жарыялаган.

Бүгүнкү күндө "тажик талибдери" Тажикстандын Дарвоз жана Шамсиддин Шохин райондору менен чектешкен Куфоб, Шикай, Нусай, Маймай жана Хохон ооган уезддерин көзөмөлдөп турушат.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG