Ссылки доступа

Анжиянда облус башчысынын кабыл алуусуна кире албай калган аялдар жол буушту


Анжиян шаары, 31-июль 2021-жыл
Анжиян шаары, 31-июль 2021-жыл

Анжиянда облус башчысынын ар айлык кабыл алуусуна кире албай калган аялдар 31-июлда шаардын борборундагы жолдордун бирин буушту. Бул тууралуу жергиликтүү блогерлер кабарлашты.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган кыска видеодон онго жакын аял жолдун ортосунда автоунааларды өткөрбөй турганын көрүүгө болот.

Азырынча журналисттер бул окуя тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн нааразылык билдирип чыккан тургундар менен байланыша алган жок.

Өзбекстанда тургундар бийликтин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурдуруу үчүн жолдорду бууган учурлар байма-бай болуп келет. Өзгөчө нааразылык билдирүүнүн мындай түрү кыш мезгилинде электр энергиясы жана газ жетишсиз болгон аймактарда көп катталат.

Буга чейин Бухара шаарында насыя берүү талабы менен жол торогон аялдар жоопкерчиликке тартылган.

Өткөн айда Кашкадарыя облусунда электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөргө нааразылык билдирип, темир жол рельстеринде акция өткөргөн жарандар 15 суткага камалып, төрт кишиге айып пул салынган.

XS
SM
MD
LG