Ссылки доступа

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келди


Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1 млн. 250 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, вакцина республикалык бюджеттен сатылып алынууда.

1-августка карата өлкөдө эмдөөдөн өткөндөр 572 миңден ашканы белгилүү болду.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганы бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарында ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасын алган. Өлкө башчысы элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин билдирген.

Министрлер кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG