Ссылки доступа

Ооганстанда талибдер Кандагар аэропортун аткылашты


Ооганстандагы экинчи ири шаар эсептелген Кандагардагы аэропорт талибдер таңга маал үч ракета аткандан кийин талкаланып, иштен чыгарылды. Чабуул үчүн жоопкерчиликти алган "Талибан" кыймылы бул аракети менен Кандагар шаарынын тегерегиндеги аба соккуларын токтотууну көздөгөнүн билдирди.

Ооган өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү Кандагардан башка батыштагы Герат жана түштүктөгү Лашкаргах шаарларынын тегерегинде талиб согушкерлери менен салгылаштарын улантууда.

"Кандагардагы автожолдор талкаланып калгандыктан, аэропорт абдан маанилүү эле. Талибдердин соккулары жергиликтүү элдин үшүн алып, жашоосун кыйындатты", - деп билдирди Хедайатулла аттуу шаар тургуну "Азади" радиосуна.

Ооганстандын Коргоо министрлиги 1-августта атайын даярдыктагы бөлүктүн жүздөгөн аскери Гераттагы кырдаалды көзөмөлдөш үчүн аймакка жеткирилгенин билдирсе, Гельманд провинциясынын өкүлү жергиликтүү оорукананын жанында жарылган бомбадан бир киши каза таап, жашоочулардын көбү үйүнөн чыккандан коркуп камалып калганын маалымдады.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG