Ссылки доступа

Казакстанда "эмдөө паспортун" саткан эки медицина кызматкери кармалды


Чыгыш Казакстан облусундагы Семей шаарында “эмдөө паспортун” сатууга шектелген эки медицина кызматкери кармалды.

Казакстан ИИМи билдиргендей, шаардагы медициналык-социалдык мекемелердин биринде иштеген кызматкер айрым жарандардан 15 миң теңгеден акча алган. Акчанын бир бөлүгүн – 10 миң теңгени жеке документтердин көчүрмөсү менен тез медициналык жардам борборундагы таанышына берген. Ал вакцина тууралуу базага туура эмес маалыматтарды киргизип турган.

ИИМ ушул тапта полициячылар “эмдөө паспортун” сатып алган кишилерди суракка алып жатканын кошумчалады. Шектүүлөр 30дай жалган документ жасашканын мойнуна алышкан, бирок бул көрсөткүч мындан дагы көп болушу ыктымал.

Тергөө аяктагандан кийин жасалма “эмдөө паспорттору” жокко чыгарылып, алардын маалыматтары базадан алынат.

Казакстан ИИМи 28-июлда “эмдөө паспортун” жасалмалоо боюнча 39 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча 2-августка карата Казакстанда 5,4 миллион киши вакцинанын эки компонентин тең алып бүттү. Дагы 3,8 миллион кишиге препараттардын биринчи дозасы сайылды.

XS
SM
MD
LG