"Президентибиз жоопкерчиликтүү жаран катары эмдөө иштерине олуттуу мамиле кылат жана эмдөөдөн толук өттү. Ал үчүн өлкөдө уруксат берилген "Спутник V", AstraZeneca жана Кытай менен Өзбекстан биргелешип өндүрүп жаткан вакциналардын бири колдонулду", — деди Асадов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал президент эмдөөдөн качан өткөнүн жана кайсы вакцина сайдырганын тактап айткан жок.
Азырынча Мирзиёевдин эмдөөдөн өткөнүн ырастаган видео же сүрөт жарыялана элек.
Өзбекстандын президенти 28-июлдагы видеожыйындын жүрүшүндө өлкөдө калкты эмдөө иштерин тездетүү зарыл экенин белгилеген.