Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө АBUEV GROUP менен "Емир-ойл" ишканаларынын жумушчулары иш таштады


Жаңы-Өзөн шаарындагы "KMG EP-Catering” жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин АBUEV GROUP аутсорсинг мекемесинин жумушчуларынын нааразылыгы төрт күндөн бери уланууда.

Өздөрүн туруктуу жумушка алууну талап кылган ашпозчулар, жүк ташуучулар жана тазалыкчылар азырынча ишке чыгыша элек.

Жумушчулар компания талапты аткаруунун ордуна, иш таштагандарды бошоторун айтып коркутуп жатканын билдиришти.

—Биз 70 миңден 100 миңге чейин болор-болбос айлык алып иштөөдөн чарчадык. Адам сыяктуу маяна алып, үй-бүлөбүздү багып, эмгек өргүүгө чыгууну каалайбыз, — деди атын атабаган жумушчулардын бири

“Азаттыктын” казак кызматы KMG EP-Catering компаниясынын жетекчиси менен байланыша алган жок. АBUEV GROUP мекемесинин директору Абуев нааразы топтун маселесин чечүү оор экенин айтып, бирок жумушчуларга кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

— Мен азыр акимчиликте отурам. Жаңы-Өзөндө эмгек келишимине байланыштуу чыр маселелер көп. Биз карап жатабыз, — деди Абуев.

KMG EP-Catering - "Казмунайгаз" улуттук компаниясынын энчилеш мекемеси. Анда жалпысынан миңден ашык адам иштейт. Жаңы-Өзөндөгү бөлүмүндө 300дөй жумушчусу бар.

Компания Мангистау, Атырау облустарында мунайчыларды ысык тамак менен камсыздоо, “Кендирли” эс алуу аймагындагы эс алуучулар менен мунайчыларга кызмат көрсөтүү, мунай кендеринде тазалык иштерин жүргүзүү, “Өзенмунайгаздын” бардык өндүрүштүк бөлүмчөлөрүнө, ашканаларына турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтөт.

Бул арада аймактагы “Емир-ойл” компаниясынын жумушчулары да нааразылыкка чыгып, президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, маянаны 70 пайызга жогорулатууну сурашууда.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG