Ссылки доступа

Өзбекстанда кызынын ур-токмогуна кабылган майып аялдын окуясы иликтенүүдө


Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгы майып апасын сабаган жергиликтүү тургундун аракеттери боюнча тергөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык түйүндөргө майыптар арабасына отургузулган улгайган апасын кемсинтип, аны уруп жаткан аялдын видеосу жарыяланган.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 13-июль күнү аял облус башчысынан үй курууга акча сураттыруу үчүн 1-топтогу майып апасын Кесиптик кошуундар федерациясынын облустук башкармалыгына алып келген.

Бирок акимчилик акча берүүдөн баш тартканын уккандан кийин "жакшылап сурай алган жоксуң" деп апасын кемсинтип, кол көтөргөн.

Учурда укук коргоо органдары бул окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары майып аялды кызынын зомбулугунан сактоо үчүн ага коргоо ордерин берүү маселеси каралууда. Азырынча апасын урган аялга карата кандайдыр бир чара көрүлгөнү боюнча маалымат бериле элек.

Облустук акимчиликтен 2020-жылдын башынан бери аталган үй-бүлөгө акчалай жана азык-түлүк менен жалпысынан 56 миллион суммдан ашык (5 миң доллар) каражат берилгенин билдиришти. Мындан тышкары быйыл январда Карши шаарынын бийлиги аларга жер тилкесин бөлүп берип, банктардын бири үй курууга 28 миллион сум (2,6 миң доллар) каражат бөлгөн.

XS
SM
MD
LG