Ссылки доступа

Pegasus тыңчылык программасынын тизмеси казакстандык дагы үч кишинин ысымы менен толукталды


Изарилге таандык Pegasus тыңчылык программасынын кылтагына илингендердин тизмеси казакстандык дагы үч кишинин аты-жөнү менен толукталды.

Бул кишилер мамлекеттик кызматта иштеген же иштөөнү улантып жатышат. Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борборунун (OCCRP) сайтында жаңыланган маалыматка караганда, алар: мажилистин мурдагы мүчөсү, улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы жана ӨКМдин мурдагы башчысы Владимир Божко, “Казакстан темир жолу” компаниясынын мурдагы башчысы Сауат Мынбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Асет Исекешев болушу мүмкүн.

OCCRP билдиргендей, бул кишилердин телефондору 2018-жылдан бери тыңшалып турган.

Буга чейин тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар экени аныкталган. OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону алардын өздөрүнүн өлкөсү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Pegasus программалык камсыздоосу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG