Ссылки доступа

Армения: Пашинян кайрадан премьер-министр болду


Никол Пашинян Армениянын премьер-министрлигине бекиди. Мындай жарлыкка өлкө президенти Армен Саркисян кол койду. Пашинянды премьер-министрликке шайлоодон кийин алгачкы жыйынына чогулган парламенттеги «Жарандык келишим» партиясы көрсөттү.

Эми Пашинян 15 күн ичинде өкмөттү курашы керек. Министрликте талапкерлерди депутаттар бекитишет. Маалымат каражаттары өкмөттү куроодо премьер-министрге маселе жаралбай турганын жазышууда. Себеби, учурдагы чакырылыштын үчтөн экисин Пашияндын партиясынын өкүлдөрү ээлеген.

Парламенттин алгачкы жыйынына оппозициячыл партиялардын депутаттары камактагы саясатчылардын сүрөтү түшүрүлүп «саясий туткундар» деген жазуусу бар кийим кийип келишти. Алар бийликке сын айткан саясатчылар куугунтукка кабылып жатканын айтып келишет.

Арменияда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо июнь айында өткөн. Ага Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган согуштан кийин Азербайжан менен түзүлгөн келишимге байланышкан саясий кризис себеп болгон. Ал учурда согушта Армениянын жеңилишине Пашинянды күнөөлөгөндөр бир нече жума Ереванда нааразылык акцияларын өткөргөн. Кризистен чыгуу жолу катары парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган эле.

Шайлоодо Никол Пашияндын партиясы кайрадан көпчүлүк добуш алган.

XS
SM
MD
LG