Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти жаңы согуштук учакты өзү сыноодон өткөрдү


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкө армиясына жаңы келген согуштук учактардын биринде учту. Бул тууралуу репортажды түркмөн мамлекеттик телеканалдары көрсөттү.

Бердымухамедов аскер учкучунун кийимин кийип, кургактагы бөлүктөргө авиациялык колдоо көрсөтүүгө багытталган 29-А Super Tucano учагында отурду.

Экинчи учкучтун ордунда отурган Бердымухамедов мамлекеттик чек араны бойлой жайгашкан кырка тоолордун жана Каспий деңизинин үстүнөн учуп өттү. Репортаждан учак чукул бурулуштарды жасаганын көрүүгө болот.

Учуу учурунда түркмөн лидери аскердик учактын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана абалына канааттанганын билдирди.

Бердымухамедов учкуч кийимин Ашхабадда чоң атасы Бердымухамед Аннаевдин элесине арналып курулуп жаткан аскердик музейге берүүгө макул болду.

А-29А Super Tucano учагын бразилиялык "Эмбраер" фирмасы иштеп чыккан. Ал аба мейкиндигин коргоого, чалгындоого, кургактагы аскерлерге колдоо көрсөтүүгө жана аскердик учкучтарды окутууга багытталган.

XS
SM
MD
LG