Ссылки доступа

"Кумтөр иши" боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Кумтөр иши” боюнча камакка алынганын билдирди.

Тергөө Темир Сариев экономика министри жана “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Кумтөр кенинин экологияга келтирген зыянын бир канча миллиард сомго төмөндөтүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин айтат.

Темир Сариев 48 саатка атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темир Сариев 2011-2015-жылдары экономика министри болуп иштеген. 2012-жылы Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп аны учурдагы президент Садыр Жапаров жетектеген. Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл албай, мамлекеттик комиссия түзгөн. Ал комиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген.

Темир Сариев 2015-2016-жылдары премьер-министр болгон. 2009-жылы жана 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан.

Атайын кызмат "Кумтөр иши" боюнча кылмыш ишин козгоп, бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктер камакка алынган. 2-августта сурак берүү үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди.

XS
SM
MD
LG