Ссылки доступа

Самаркандда алты жолку чемпион ымыркайын сатууга аракет жасаганы үчүн 4,5 жылга соттолду


Самарканд шаардык соту төрөлгөнүнө төрт күн болгон ымыркайын 2,5 миң долларга сатууга аракет жасаган спортчуну 4,5 жылга эркинен ажыратты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, 25 жаштагы кыз -- белгилүү спортчу жана Өзбекстандын алты жолку чемпиону. Бирок ал спорттун кайсы түрү менен машыгары так айтылган жок.

Кыз машыгууга катышкан жигит менен интимдик байланышта болуп, боюна бүтүп калганы, ымыркайды сатуу аркылуу андан арылууну каалаганы айтылат. Спортчу баланы сатып жаткан маалда кармалган.

XS
SM
MD
LG