Ссылки доступа

Казакстанда активист Ербол Есхожин 2,6 жылга соттолду


3-августта Нур-Султан шаарынын Сарыарка райондук соту “тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишине катышууга жана уюштурууга” айыпталган жарандык активист Ербол Есхожинди 2 жыл 6 айга камоо тууралуу өкүм чыгарды.

Мындан тышкары ага 5 жылга чейин тынч жыйындарга катышууга, соцтармактарды пайдаланууга тыюу салынды. Активист күнөөсүн мойнуна алган жок.

Сот онлайн режимде өттү. Судья сотто “Есхожиндин күнөөсү толук далилденгенин” маалымдады.

Ербол Есхожин акыркы сөзүндө жалган, далилсиз айыптар менен камалганын, Конституцияда белгиленген укугунан гана пайдаланганын, ал үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты.

– Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм жана кылган ишиме өкүнбөйм. Мен башка замандаштарымды өз пикирлерин айтууга, бийликтен коркпой, талап кое билүүгө, конституциялык укугун пайдаланууга үйрөтө алсам, ал менин жеңишим. Өлкөнүн батыш аймагында жумушчулар айлык акыны талап кылып, иш таштоолор көбөйдү деп угуп жатам. Бул жарандык коомдун ойгонгону деп билемин, - деди Есхожин.

Сот өкүмүнө ылайык, ал жазасын орто режимдеги колонияда өтөйт.

2019-жылдан бери социалдык маселелерге байланыштуу пикирин ачык айып жүргөн активист, 44 жаштагы Ербол Есхожин 2020-жылдын 22-декабрынан бери камакта отурат. Ал соңку эки жылда “мыйзамсыз митингдерге катышуу” айыбы менен алты жолу кармалган. Бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пулга жыгылган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG